Жаңы «Ош базары» толугу менен мамлекетке таандык болот
19
Бишкекте курулуп жаткан жаңы «Ош базары» толугу менен мамлекетке таандык болот. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, базардын курулушу 90%га аяктады. Жакында соодагерлер эски базардан жаңы жайга көчүрүлөт.
Ошондой эле базардагы кызматтар санариптештирилип, соода орундарын бөлүштүрүү жана башка процесстер электрондук форматта жүргүзүлөт.
Жаңы базардын «Ош базары» деген аталышы өзгөртүлбөйт.