Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга жумуш сапары менен келди

Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди Кыргызстанга жумуш сапары менен келди


4

Ардактуу конокту “Манас” эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Премьер-министр Нарендра Моди ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына, “ШКУ плюс” форматындагы жогорку деңгээлдеги жолугушууга жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземине катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Индиянын Премьер-министрине Кыргызстандын улуттук символу жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий символу болгон илбирстин жумшак оюнчугу белекке берилди.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылуусу уюмдун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдык мааракелик жылына туш келип отурат.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *