Караколдо дрондорду учурууга убактылуу чектөөлөр киргизилет

Караколдо дрондорду учурууга убактылуу чектөөлөр киргизилет


31

Ысык-Көл облусунда жана Каракол шаарында 27-августтан 10-сентябрга чейин аба мейкиндигин пайдаланууга чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Каракол шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган чектөөлөр Шанхай кызматташтык уюмунун жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы эл аралык иш-чараларга байланыштуу киргизилүүдө.

Бул мезгилде тиешелүү уруксаты жок жалпы авиациялык учактардын жана учкучсуз учуучу аппараттардын (дрондордун) учуусуна жол берилбейт.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *