А.Касымалиев көчмөндөр оюндарына даярдык көрүлүп жаткан бир катар объектилерди текшерди

А.Касымалиев көчмөндөр оюндарына даярдык көрүлүп жаткан бир катар объектилерди текшерди


1

Өкмөт башчы Көчмөндөр оюндарына даярдалып жаткан Ысык-Көлдөгү негизги объектилерди текшерди.

Адылбек Касымалиев Өрнөк айылындагы Көчмөн цивилизация борборунун, Чолпон-Атадагы “Газпром” дене тарбия комплексинин, ипподромдун жана Nomad этнокомплексинин даярдыгын көрдү.

Ошондой эле Кырчын жайлоосундагы этношаарчанын курулушун, аймакты көрктөндүрүү жана спорттук аянтчаларды даярдоо иштерин көрүп чыкты.

Минкаб башчысы тиешелүү органдарга объектилерди өз убагында бүтүрүп, коопсуздук жана инфраструктура маселелерине өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *