Өлкөдө жумуртка өндүрүү дээрлик 23%га өстү

Өлкөдө жумуртка өндүрүү дээрлик 23%га өстү


7

Кыргызстанда быйыл айыл чарба продукциясынын негизги түрлөрүн өндүрүүдө өсүш катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-сентябрга карата өлкөдө 694 млн 688 миңден ашык жумуртка өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23,2%га көп. 2025-жылдын 1-сентябрында 564 млн 77 миң даана жумуртка өндүрүлгөн.

Өсүш боюнча Баткен облусу алдыда. Аймакта жумуртка өндүрүү дээрлик эки эсеге көбөйгөн.

Ал эми жумуртканын эң көп көлөмү Чүй облусунда өндүрүлгөн.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *