Ошто 700 орундуу Oxford мектебинин курулушу башталды

Ошто 700 орундуу Oxford мектебинин курулушу башталды


15

Ош шаарында Oxford International School инновациялык билим берүү комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясы билдирди.

Долбоордун алкагында 700 орундуу мектеп жана 140 орундуу бала бакча курулат. Комплексте заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, спорт залдар, чыгармачылык борборлор жана ачык спорт аянтчалары каралган.

Курулуштун башталышына арналган иш-чарада «мезгил кутучасы» салынды.

Мэриянын маалыматына ылайык, жаңы билим берүү комплекси окуучулар үчүн эл аралык стандарттарга жооп берген шарттарды түзүүгө багытталган. Мектеп Ош шаарындагы Ашимахунов көчөсүндө жайгашат.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *