Токтогулда баңгизат жана ок атуучу куралдарды сактоого шектелип 3 жаран кармалды

Токтогулда баңгизат жана ок атуучу куралдарды сактоого шектелип 3 жаран кармалды


2

Токтогул районунда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип Т.Т., Б.К. жана С.Б. аттуу үч жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Кара-Куурай” операциясынын жүрүшүндө шектүүлөрдөн болжол менен 1 кг 200 грамм гашишке окшош зат, 118 кг 200 грамм марихуанага окшош зат, ок-дарылар, ошондой эле үч даана ок атуучу курал жана бир нече уюлдук телефондор алынып, тиешелүү экспертизаларга жөнөтүлгөн.

Ал эми тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр Т.Т., Б.К. жана С.Б.га карата, Токтогул райондук соту тарабынан бөгөт коюу чарасы катары эки ай мөөнөткө камакка алуу түрү тандалды.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары уланууда.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *