Көл-Төр көлүндө коопсуздук чаралары көрүлдү

Көл-Төр көлүндө коопсуздук чаралары көрүлдү


24

Чүй облусунун Кегети капчыгайындагы Көл-Төр көлүндө мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 7-июлдагы текшерүүдө көлдүн суусунун деңгээли көтөрүлүп, былтыр орнотулган гофраланган корсис түтүктөрүнүн ажырап кеткени аныкталган. Мындан улам суунун ашып чыгуу, жер кыртышын жууп кетүү жана көл жээгинин бузулуу коркунучу жаралган.

9-июлда Чүй райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары Султан Ибраимов айыл аймагындагы көлдө алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Алар түтүктөрдү кайра орнотуп, ашыкча суу коопсуз түрдө төмөн карай агызылган.

Учурда Көл-Төр көлүнүн абалы туруктуу көзөмөлдө болуп, мүмкүн болгон кырсыктардын алдын алуу чаралары ийгиликтүү аяктаганы маалымдалды.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *