Суучул Владислав Шулико өлкөнүн бардык суу сактагычтарын сүзүп өтүүдө

Суучул Владислав Шулико өлкөнүн бардык суу сактагычтарын сүзүп өтүүдө


16

Кыргызстандык сууда сүзүүчү Владислав Шулико өлкөнүн ар бир облусундагы суу объектилерин сүзүп өтүп, дүйнөлүк чемпионаттын желек эстафетасына катышууда.

Суу-мотордук спорт федерациясынан билдиришкендей, спортчу күн мурун Нарын облусундагы бийик тоолуу Көл-Төр көлүн ийгиликтүү сүзүп өттү.

Алдыда Ысык-Көлдү сүзүп өтүү күтүлүүдө. Дал ушул жерде 2026-жылдын күзүндө Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу F1H2O дүйнө чемпионаты өтөт.

Бул долбоор спортту жана сергек жашоо образын жайылтууга, спорттук туризмди өнүктүрүүгө багытталат.

 

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *