Бишкек менен Шанхайдын ортосунда түз авиакаттам ачуу пландалууда

Бишкек менен Шанхайдын ортосунда түз авиакаттам ачуу пландалууда


25

«Кыргызстан аэропорттору» ААК Кытайдын ири авиакомпанияларынын бири болгон China Eastern Airlines менен Бишкек- Шанхай- Бишкек багыты боюнча түз авиакаттам ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Компаниянын маалыматына ылайык, жаңы каттам эки өлкөнүн ортосундагы транспорттук байланышты чыңдап, туризмди, соода-экономикалык жана ишкердик кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

«Кыргызстан аэропорттору» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов бул демилге Кыргызстандын эл аралык авиациялык байланыштарын кеңейтүүгө багытталган стратегиянын бир бөлүгү экенин белгиледи.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *