Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу тазаланып, каттам ачылды

Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолу тазаланып, каттам ачылды


18

Күн мурун жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун 361–370-чакырым аралыгында сел жүргөн.

 Транспорт министрлиги билдиргендей, окуя болгон жерге атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Аткарылган иштердин жыйынтыгында жол бүгүн, 22-июнда таңкы саат 05:00дө толугу менен тазаланып, эки тараптуу кыймыл үчүн ачылды.

Учурда аталган тилкеде жолду кеңейтүү жана коопсуздукту камсыздоо боюнча кошумча иштер улантылып жатат.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *