Азербайжандын президенти Садыр Жапаровду Курман айт майрамы менен куттуктады

Азербайжандын президенти Садыр Жапаровду Курман айт майрамы менен куттуктады


3

Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Азербайжан республикасынын президенти Илхам Алиев Курман айт майрамы менен куттуктады.

“Өзүмдүн атымдан жана Азербайжан элинин атынан Сизди жана боордош Кыргызстан элин бүткүл дүйнө мусулмандарынын руханий биримдигинин, тилектештигинин жана боордоштугунун символу болгон ыйык Курман айт майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Орток улуттук-руханий баалуулуктар жана диний-маданий тамырлар менен байланышкан Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы мамилелердин бүгүнкү жогорку деңгээли канааттандырат.

Бекем достукка жана боордоштукка негизделген мамлекеттер аралык алакаларды жана ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары да чыңдоо үчүн биргелешкен аракеттерди көрөбүз деп ишенем”, — деп айтылат телеграммада.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *