Дарыяны булгаган мал союлчу жай жабылып, заттары ташталган жер көмдүрүлдү

Дарыяны булгаган мал союлчу жай жабылып, заттары ташталган жер көмдүрүлдү


2

Аксы районунун Кызыл-Жар айылындагы Нарын дарыясын булгаган мал союлчу жай жабылып, заттары ташталган жай көмдүрүлдү. Бул тууралуу Үч-Коргон айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, тазалоо иштери кечээ, 2-майда жүргүзүлгөн.

“Интернетте чыккан жай боюнча райондук ветеринардык башкармалыгынын жетекчиси, райондук экологиялык көзөмөл инспектору текшерүү жүргүзүштү. Аталган жай жабылды. Таштандылар тазаланып, сүрүп тегиздеп иретке салынды”, — деп берилет маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Аксы районунун Кызыл-Жар айылындагы мал союлчу жайдан чыккан кандар Нарын дарыясына куюлуп, жагымсыз таштанды заттар үйүлүп жаткан видео интернетке чыккан эле.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *