Баткенде Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди

Баткенде Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди


4

Баткенде мындан 40 жыл мурда Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыктын курмандыктары эскерилди. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ага президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов баштаган жергиликтүү жетекчилер, Чернобль окуясынын катышуучулары жана алардын жакындары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Чернобыль кырсыгынын курмандыктарына арналып тургузулган эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, алардын арбайына багышталып куран окулду.

«Бул апааттын кесепетинен, дүйнөдөн көзү өтүп кеткен мекендештерибиздин элеси эч качан унутулбайт», — деди облус башчысы.

1986-жылы 26-апрелде болгон бул окуянын кесепеттерин жоюуга Баткен облусунан 146 адам барган болсо, азыр алардын 83ү арабызда.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *