Бишкек – Ош унаа жолундагы жаңы тоннелдин курулушуна даярдык башталды

Бишкек – Ош унаа жолундагы жаңы тоннелдин курулушуна даярдык башталды


11

Бишкек – Ош унаа жолунун 400,1 – 400,8-чакырымдарында жаңы тоннелдин курулушун баштоого даярдыктар активдүү жүрүүдө.

Долбоорго ылайык, 409-чакырымда таш кулоодон коргоочу курулуштар, 451-чакырымда жер көчкүгө каршы тирөөч дубалдар орнотулат. Учурда объектте бетон заводу орнотулуп, кеңсе жана лабораториялар курулууда. Ошондой эле, атайын техникалар жана башка керектүү жабдуулар жеткирилип жатат. Быйылкы жылдын аягына чейин 250 метр тоннель казуу пландалууда.

Курулуш былтыр июнь айында расмий башталган. Долбоор боюнча, 2028-жылдын аягына чейин бүткөрүү каралган.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *