Ошто 100 жетим балага жана 100 муктаж үй-бүлөгө жардам берилди

Ошто 100 жетим балага жана 100 муктаж үй-бүлөгө жардам берилди


21

Ошто 100 жетим балага жана 100 муктаж үй-бүлөгө жардам берилди. Бул тууралуу Муфтият билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуровдун демилгеси менен Орозо айт майрамын утурлай уюштурулган.

Анын алкагында, 100 жарым жетим жана тоголок жетим балдарга кийим-кечелер таратылган болсо, 100 муктаж үй-бүлөгө тамак-аш азык-түлүктөрү таратылды.

«Мусулман коомчулугунда эң эле шаан-шөкөт менен өтүүчү Орозо айт майрамын утурлай ата-энесинен эрте ажыраган 100 балага кийим-кече тапшырып, көңүлүн көтөрүүгө аракет кылдык. Ошондой эле, аз камсыз болгон 100 муктаж үй-бүлөгө да тамак-аш азык-түлүктөрү таратылды. Бул да болсо, Рамазандын берекеси менен ишке ашууда десек болот. Биздин демилгени колдоп келген «Эмират» кайрымдуулук фондуна ыраазычылык билдиребиз, – дейт Султанали ажы Гапуров.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *