1-майда Бишкекте борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш өтөт

1-майда Бишкекте борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш өтөт


24

Бишкек шаарынын мэриясы сиздерди жазгы веложүрүшкө чакырат. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

2026-жылдын 1-майында Бишкекте борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш өтөт.

Катышуучулар саат 8:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркында чогулушат. Жаш курагына карабастан баары катыша алышат.

Иш-чаранын программасы:

* 8:00 — 8:45 — катышуучуларды каттоо;

* 8:50 — брифинг;

* 9:00 — Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынын маршруту боюнча веложүрүш башталып — Чортеков көчөсү/Жайыл баатыр көчөсүнүн кесилишинен бурулуп — финиш- «Газпром-балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинен аяктайт;

* 9:40 — финиш, катышуучулардын келиши;

* 10:00 — салтанаттуу бөлүк жана концерттик программа.

Иш-чарага байланыштуу, саат 9:00дөн 9:40ка чейин зарылчылыкка байланыштуу жолдор жарым-жартылай жабылат.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *