Бишкек мэриясы метро курууну карап чыгууга даяр

Бишкек мэриясы метро курууну карап чыгууга даяр


20

Бишкек мэриясы метро куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууну башташы мүмкүн. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев «Эгемендүүлүк доорундагы Бишкек шаарынын өнүгүшү: жетишкендиктер, чакырыктар жана келечек» аттуу илимий-практикалык конференцияда транспорттун мындай түрүн кароо сунушуна комментарий берип жатып билдирди.

«Кыязы, биз бул маселени иштеп чыгууну баштап, күн тартибине коебуз. Техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгабыз. Геологияны изилдеп чыгуу сунушталды. Эгерде бүгүн бизде Техникалык-экономикалык негиздемеси болуп, инвесторлор табылса жана долбоордун схемасы даяр болсо, биз метро курууга да даярбыз» — деп билдирди ал. 

Анын айтымында, муниципалитет бул сунуштарды эске алууну жана долбоорду иштеп чыгууну баштоону көздөп жатат.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *