Ак-Талаада жер титиреди

Ак-Талаада жер титиреди


20

Бүгүн, 2-октябрда саат 12:39да Нарын облусунун Ак-Талаа районунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөөнүн очогу Кара-Булак айылынан түштүк-чыгышты көздөй 7 чакырым, Орто-Сырт айылынан түштүк-чыгышты көздөй 7 чакырым жана Баетов айылынан түштүк-чыгышты көздөй 32 чакырым аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Орто-Сырт жана Кара-Булак айылдарында 3 баллга чейин сезилди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *