Ошто 665 чет элдик жаранга айып пул салынды

Ошто 665 чет элдик жаранга айып пул салынды


23

Ошто миграциялык мыйзамдарды бузган 665 чет өлкөлүк жаранга айып пул салынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымдады.

Ага ылайык, атайын кызмат ички иштер органдары менен биргеликте облус аймагында чет өлкөлүк жарандардын миграциялык мыйзамдарды сактоосун текшерүүгө жана мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө бөгөт коюуга багытталган «Нелегал» аталышындагы рейд өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Натыйжада август айында миграциялык мыйзамдарды бузган 665 чет өлкөлүк жаран административдик жоопкерчиликке тартылып, айыпка жыгылган.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *