Окуучулар жаңы окуу жылында кайсы күндөрү эс алат?

Окуучулар жаңы окуу жылында кайсы күндөрү эс алат?


10

Жаңы окуу жылындагы каникулдардын графиги белгилүү болду. Агартуу министрлиги 2026- 2027-окуу жылындагы окуучулардын каникул күндөрүн жарыялады.

Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталып, 25-майда жыйынтыкталат.

Окуучулар төмөнкү күндөрү эс алышат:

  • 11–15-ноябрь – 16-ноябрда сабак башталат;
  • 1–10-январь – 11-январда окуу уланат;
  • 3–8-март – 9-мартта окуучулар мектепке барышат;
  • 1–9-май – 10-майда сабактар кайрадан башталат.

Мындан тышкары, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга жараша 1-класстын окуучуларынын каникулу эки жумага, ал эми 2-класстын окуучуларыныкы бир жумага узартылышы мүмкүн.

Министрликтин маалыматына ылайык, мындай чечимди жергиликтүү бийлик органдары аймактагы эпидемиологиялык абалга жараша кабыл алат.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *