Бишкек менен Чүйдүн айрым аймактарында электр убактылуу өчүрүлүүдө: себеби түшүндүрүлдү

Бишкек менен Чүйдүн айрым аймактарында электр убактылуу өчүрүлүүдө: себеби түшүндүрүлдү


1

Бишкек шаары менен Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясы убактылуу өчүрүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук электр тармагы ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, күндүн кескин ысышынан улам өлкөдө электр энергиясын керектөө рекорддук деңгээлге жеткен.

Ушуга байланыштуу жабдууларды ашыкча жүктөөдөн сактоо жана авариялык өчүрүүлөрдүн алдын алуу максатында айрым аймактарда электр энергиясын убактылуу өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өчүрүүлөрдүн узактыгы эки саатка чейин созулушу мүмкүн.

Энергетиктер жарандарды кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууга жана электр энергиясы эң көп керектелген сааттарда аны үнөмдүү пайдаланууга чакырышты.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *