Бүгүн минкаб башчысы Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдү кыдырат

Бүгүн минкаб башчысы Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдү кыдырат


22

Бүгүн, 13-майда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы объектилерди кыдырат.

Иш күнү башталганда алгач минкаб жетекчиси президенттин администрациясынын Ситуациялык борборунда жумушчу кеңешме өткөрдү.

Анда Адылбек Касымалиев өлкөнүн аймактарындагы актуалдуу макроэкономикалык көрсөткүчтөр жана социалдык-экономикалык абал менен кеңири таанышып, бир катар тапшырмаларды берди.

Эске салсак, “Ачык кабинет” долбоору коомчулукту өлкө жетекчилигинин иш ыкмалары жана мамлекеттик милдеттердин аткарылышын көзөмөлдөө куралдары жөнүндө маалымдоого багытталган.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *