Мээ кайнаткан ысыктан улам Бишкектин көчөлөрүнө суу чачылып жатат
22
Бишкек шаарында абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу көчөлөргө суу чачуу иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, «Тазалык» муниципалдык ишканасы атайын техникалардын жардамы менен шаар көчөлөрүн нымдап, абаны муздатуу иштерин жүргүзүүдө. Учурда бул иштерге 25 атайын техника тартылып, негизги көчөлөргө муздак суу чачылып жатат.
Адистердин айтымында, жол бетине суу чачуу асфальттын температурасын төмөндөтүп, абадагы чаңдын көлөмүн азайтат. Мындан тышкары, бул иш-чара аптаптуу күндөрү шаардагы абанын сапатын жакшыртып, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.
Көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттердин баасы такталды 14 Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын иш-чараларына билеттердин баасы аныкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар […]
21-августка карата аба ырайы. Кутман таң, мекендешим! 18 Кыргызстан боюнча 21-августта күндүзү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, […]
5-октябрда «Бишкек Аренанын» расмий ачылышы болот. Кирүү акысыз 6 “Бишкек Аренанын” расмий ачылышы 5-октябрда акысыз чоң шоу-программанын коштоосунда өтөт. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек […]