Мээ кайнаткан ысыктан улам Бишкектин көчөлөрүнө суу чачылып жатат
22
Бишкек шаарында абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу көчөлөргө суу чачуу иштери күчөтүлдү. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка ылайык, «Тазалык» муниципалдык ишканасы атайын техникалардын жардамы менен шаар көчөлөрүн нымдап, абаны муздатуу иштерин жүргүзүүдө. Учурда бул иштерге 25 атайын техника тартылып, негизги көчөлөргө муздак суу чачылып жатат.
Адистердин айтымында, жол бетине суу чачуу асфальттын температурасын төмөндөтүп, абадагы чаңдын көлөмүн азайтат. Мындан тышкары, бул иш-чара аптаптуу күндөрү шаардагы абанын сапатын жакшыртып, жөө жүргүнчүлөр жана айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.
Сауд Арабияда өткөн Куран жарышта кыргыз жигиттери үчүнчү орунду ээледи 8 Сауд Арабияда өткөн Куран жарышта эки кыргызстандык үчүнчү орунду ээледи. 46-Дүйнөлүк Куран жарышында Расул […]
Май майрамдарында Бишкекте 120дан ашуун айдоочу мас абалында унаа башкарган 33 Бишкек шаарында май майрамдарына байланыштуу коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ички […]
Чүйдө адамдын сөөктөрү табылды 36 Чүй облусунун Аламүдүн районунда адамдын сөөктөрү табылды. Окуя болгон жерден тартылган видео социалдык тармактарга тарады. Соцтармактын колдонуучусу балдары менен жүрүп […]