Бүгүн саат 12:16да Баткен облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кара-Шоро айылынан түштүк-чыгышка карай 12 чакырым, ал эми Кызыл-Кыя шаарынан түштүк-батышка карай 53 чакырым аралыкта жайгашып, күчү 3 баллга жеткен.
Жердин силкинүүсү Кара-Шоро айылында 2,5 балл, ал эми Гайрат жана Кескен-Таш айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.
Нооруз майрамыңыздар менен! Улустун улуу күнүндө айтылган тилектердин баары орундалсын 2 Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 21-мартка караган түнү Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу аймактарда […]
Бишкекте майда бейбаштыкка шектелген кишини сабап салган милиционер кармалды 10 Ленин РИИБ кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, физикалык күч колдонуу фактысы катталды. Бул тууралуу […]
Манаста жактоочу 6 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалды 2 Манас шаарында адвокат айыпталып жаткан кардарынын жубайынан 6 миң доллар талап кылган деген […]