Бүгүн саат 12:16да Баткен облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен облустук башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кара-Шоро айылынан түштүк-чыгышка карай 12 чакырым, ал эми Кызыл-Кыя шаарынан түштүк-батышка карай 53 чакырым аралыкта жайгашып, күчү 3 баллга жеткен.
Жердин силкинүүсү Кара-Шоро айылында 2,5 балл, ал эми Гайрат жана Кескен-Таш айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн кыйроолор жана жабыркагандар катталган жок.
Тажикстандын Премьер-министри Кохир Расулзода Кыргызстанга келди 19 Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди. «Манас» эл аралык аэропортунда Премьер-министрди Министрлер кабинетинин төрагасынын […]
Документи жок рулга отурган бүтүрүүчү аныкталды (ВИДЕО) 30 Бишкекте документи жок рулга отурган бүтүрүүчү колго түштү. Toyota Camry унаасы айып короого токтотулуп, тиешелүү протокол түзүлдү. […]
Ташкент – Ош – Ташкент багыты боюнча үзгүлтүксүз аба каттамы ишке кирди 24 1-апрелде Centrum Air авиакомпаниясы Ташкент – Ош – Ташкент маршруту боюнча алгачкы […]