Кыргызстандын таэквондочулары Астанадагы эл аралык мелдештерде 10 медаль жеңди
7
Кыргызстандын таэквондо WT боюнча улуттук курама командасы Казакстандын Астана шаарында өткөн эки эл аралык турнирде жалпы 10 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, «Altaic Cup» жана «Kazakhstan Open 2026 G-1» рейтингдик мелдештери XX Азия оюндарына даярдыктын алкагында уюштурулган.
«Altaic Cup» турниринде кыргызстандык спортчулар 1 күмүш жана 4 коло медаль жеңишсе, «Kazakhstan Open 2026 G-1» мелдешинде дагы 1 күмүш жана 4 коло медаль тагынышты.
Жыйынтыгында улуттук курама команданын спортчулары эки ири эл аралык мелдештен жалпысынан 10 медаль менен кайтышты.
Кыргызстанда мамлекеттүүлүктүн тарыхына арналган “Каганат” киноэпопеясынын алгачкы трейлери көрсөтүлдү 20 «Каганат» коомдук кайрымдуулук фонду кыргыз элинин тарыхындагы негизги доорлорго арналган масштабдуу «Каганат» киноэпопеясынын алгачкы трейлерин […]
Жаркын жашоо — жакшы ойдон, жакшы күндөр — таза ойдон. Дилибиз таза болсун, окурман! 4 Бүгүн республиканын түштүк облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаап, күн күркүрөп, […]
Садыр Жапаров үч жашка чейинки балдар үчүн жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду 28 Президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик жөлөкпул […]