Кыргызстандын таэквондочулары Астанадагы эл аралык мелдештерде 10 медаль жеңди
7
Кыргызстандын таэквондо WT боюнча улуттук курама командасы Казакстандын Астана шаарында өткөн эки эл аралык турнирде жалпы 10 медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, «Altaic Cup» жана «Kazakhstan Open 2026 G-1» рейтингдик мелдештери XX Азия оюндарына даярдыктын алкагында уюштурулган.
«Altaic Cup» турниринде кыргызстандык спортчулар 1 күмүш жана 4 коло медаль жеңишсе, «Kazakhstan Open 2026 G-1» мелдешинде дагы 1 күмүш жана 4 коло медаль тагынышты.
Жыйынтыгында улуттук курама команданын спортчулары эки ири эл аралык мелдештен жалпысынан 10 медаль менен кайтышты.
Алмамбет Шыкмаматов Грузияганын жергиликтүү салык органынын ишмердүүлүгү менен таанышты 26 Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов Грузияга болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү салык органынын ишмердүүлүгү […]
Спорт агенттиги талкуу жараткан Жоламан Шаршенбековдун стипендиясы боюнча билдирүү жасады 3 Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги спортчуларга мамлекеттик стипендияларды төлөө маселеси, анын ичинде Жоламан […]
Өлкөдө 5 миңден ашык видеокөзөмөл камерасы орнотулду 9 «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жана жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн 5 миңден ашык видеокөзөмөл камерасы орнотулду. Бул тууралуу […]