Окуучуну сүзүп, андан соң из жашырган айдоочу кармалды

Окуучуну сүзүп, андан соң из жашырган айдоочу кармалды


2

2026-жылдын 29-апрелинде саат болжол менен 11:05 чамасында Дзержинский жана Ж. Боконбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 2016-жылы туулган балага унаа сүзүп, андан соң айдоочу окуя болгон жерди таштап кеткен.

Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын натыйжасында Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан айдоочу аныкталып, кармалды. Унаа айып короосуна токтотулду.

Чогултулган материалдар Бишкек шаарынын ИИББнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *