Мектептер үчүн 2,9 млн нуска окуу материалдар басып чыгарылды

Мектептер үчүн 2,9 млн нуска окуу материалдар басып чыгарылды


25

 Өлкөдө 2026-жылдын башынан бери 2 млн 945 миң 58 нускадагы окуу-усулдук комплекстер басылып чыгарылды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.

Министрликтен билдиришкендей, басма иштери алкагында төмөнкү окуу материалдары жарык көрдү:

Математика боюнча:

  • 3-класс үчүн окуу китептери – 696 миң нуска.

Табигый илимдер боюнча:

  • 3-класс үчүн «Мен жана дүйнө» – 714 миң 480 нуска;
  • 5-класс үчүн (окуу китеби жана иш дептери) – 306 миң 360 нуска;
  • 6-класс үчүн – 667 миң 580 нуска;
  • 7-класс үчүн – 289 миң 930 нуска.

1-класс үчүн:

  • «Наристе Алиппе» – 90 миң 380 нуска;
  • «Жазуу жана боёо» – 90 миң 380 нуска;
  • «Алиппеге даярдык» – 90 миң 380 нуска.

Жаңы окуу-усулдук комплекстер окуучуларды сапаттуу билим берүү ресурстары менен камсыздоого багытталган.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *