Бишкекте алты күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылды

Бишкекте алты күндөн бери изделип жаткан өспүрүмдүн сөөгү табылды


28

Бишкек шаарында 4-апрелден бери изделип жаткан Санжар Нурлановдун сөөгү табылды. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-апрель күнү Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге жаран арыз менен кайрылып, 2009-жылы туулган  уулун издөөгө көмөк көрсөтүүнү суранган.

Жарандын арызы боюнча өспүрүм 4-апрель күнү болжол менен саат 18:30да Бишкек шаарынын Шабдан баатыр көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып, белгисиз тарапка кеткен.

Аталган факт боюнча дароо ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Анын натыйжасында бүгүн жаш өспүрүмдүн сөөгү табылган. Маркумдун сөөгү каралып, алдын ала көзгө көрүнгөн дене жаракаттары аныкталган жок.

Аталган факты боюнча өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *