УКМКнын курама командасы дзюдо боюнча чемпионатта биринчи орунду ээледи

УКМКнын курама командасы дзюдо боюнча чемпионатта биринчи орунду ээледи


22

УКМКнын курама командасы күч түзүмдөрүнүн арасында өткөн дзюдо боюнча чемпионатта биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 4–5-апрель күндөрү Бишкек шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерлери арасында Кыргыз Дене тарбия спорттук «Динамо» коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган дзюдо боюнча чемпионат болуп өттү. Турнир көрүнүктүү мамлекеттик ишмер — Ногойбаев Болотбек Бердибековичтин жаркын элесине арналган.

Чемпионатка 16 команда катышып, алар беш салмак категориясында күч сынашты.

1-орунду УКМК;

2-орунду Ош ШИИБнин командасы;

3-орун ИИМдин Күзөт кызматынын командасына ыйгарылды.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *