Кыргызстандын 129 тонна гуманитардык жардам кербени Иранга жетти

Кыргызстандын 129 тонна гуманитардык жардам кербени Иранга жетти


1

Кыргыз Республикасынын гуманитардык жардам кербени учурда Түркмөнстан менен Иран Ислам Республикасынын чектешкен аймагына жакын Серахс шаарына жетти. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, гуманитардык жүктөрдү кабыл алуу иштери эртең, 7-апрелде бажы процедуралары толук аяктагандан кийин жүргүзүлөт.

Эске салсак, жалпы көлөмү 129 тонна гуманитардык жардам жүктөлгөн ӨКМдин 7 унаасы 3-апрелде Кыргызстандан сапар алышкан.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *