Самсаалы Четимбаев «Кыргызнефтегаз» ААКтын төрагасы болуп дайындалды

Самсаалы Четимбаев «Кыргызнефтегаз» ААКтын төрагасы болуп дайындалды


1

«Кыргызнефтегаз» ААКтын директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкармалыгынын төрагасы болуп Самсаалы Четимбаев шайланды. Бул тууралуу ишканадан билдиришти.

Анын талапкерлиги коомдун башкы акционери — Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан сунушталган.

Жаңы жетекчини эмгек жамаатына ведомствонун директорунун орун басары Бекзат Абдикахаров тааныштырды.

Белгилей кетсек, «Кыргызнефтегаз» стратегиялык объект жана өлкөнүн эң ири салык төлөөчүлөрүнүн бири болуп саналат, ал Кыргызстандын түштүк чөлкөмүнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздайт.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *