Канадада мектептеги ок атышууда 9 адам каза болду

Канадада мектептеги ок атышууда 9 адам каза болду


1

Канададагы Тамблер-Ридж шаарындагы орто мектепте болгон атышуунун кесепетинен 9 адам каза болду. Бул тууралуу CBC News телеканалына таянып, Известия жазып чыкты.

Полиция окуя болгон жерден 8 адамдын сөөгүн тапкан. Дагы 1 жабырлануучу ооруканага жеткирүү учурунда көз жумган. Ал эми атышууну уюштурган шектүү өзүнө-өзү зыян келтирип каза болгону айтылууда.

Ошондой эле 2 адам оор абалда ооруканага жеткирилсе, дагы 25 киши жергиликтүү медициналык мекемеде текшерүүдөн өтүүдө. Мектептен болжол менен 100 адам коопсуз жерге эвакуацияланган.

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *