ИИМ “Атайын багыттагы полку Президентке түз баш ийдирилди” деген маалыматты четке какты

ИИМ “Атайын багыттагы полку Президентке түз баш ийдирилди” деген маалыматты четке какты


23

Ички иштер министрлиги айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда тараган, ИИМдин Атайын багыттагы полку Кыргыз Республикасынын Президентине түз баш ийдирилди деген маалымат чындыкка дал келбегендигин расмий түрдө билдирет.

Тийиштүү жарлыкка кол коюлду деген билдирүүлөрдүн эч кандай фактылык негиздери жок жана алар ишенимсиз болуп саналат.

ИИМдин Атайын багыттагы полк штаттык режимде ишин улантууда.

Ички иштер министрлиги жарандарды жана ЖМК өкүлдөрүн маалыматты расмий булактардан гана алууга жана текшерилбеген, бурмаланган маалыматтарды таратпоого чакырат.

 

source

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *