Жаштар Саркентке жол салып, Ак-Суудан суу алып келүүгө киришишти

АШАР ЖОЛУ МЕНЕН ААЛАМГА ТААНЫЛГАН
ЛЕЙЛЕКТЕ ДАГЫ БИР ЖАГЫМДУУ ЖАҢЫЛЫК
Атагы ашар менен ааламга таанылган Лейлекте дагы бир жагымдуу жаңылык. Кыргызстандын эле эмес, Лейлек районундагы эң четки Көк – Таш айылынын жаштары ашар жолу менен жалпы узундугу 21 чакырымдык Саркент жолун реконструкциялоого киришишти.
Дос тапкың келсе эмгектен, келе бер биздин Лейлекке дегендей, кыш чилдесине карабай,1 млн. 500 миң акча чогултуп, тоолорду көзөп, жол оңдоп жаткан жаштардын маалыматтарына таянсак, шарты катаал болгону менен, Көк – Таштын эли суунун таңкыстыгынан улам, бейиштин төрүндөй болгон киндик каны тамган жерлерин таштап, башка жактарга, өзгөчө, Чүй бооруна көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Учурунда миңден ашык кожолук жашаган тоолуу Көк – Таш айылында азыр 400 гө жакын, анча мынча жаштарды эске албаганда, көпчүлүгү кары – картаңдар калышкан.
«Эми бул көйгөйдү биз чечпесек ким чечет” дешип, Көк — Таштык жаштар түп көтөрүлө акча чогултушуп, ашар жолу менен 18 чакырымдык жолду 28 күндө бүтүрүштү. Жол бүтсө Ак — Суудан суу келет, көйгөй чечилет. Көкташтыктар кайра ата конушуна көчүп келишет.
Демилгечилердин бири Айтбай Бабаяровдун маалыматына таянсак, Саркенттин суусун Көк – Ташка алып келүү маселеси союздан бери эле айтылып келгени менен, жүзөгө ашкан эмес. Барган сайын айылга келчү суунун көлөмү азайып, натыйжада айыл эли 40 – 50 күндө бак — дарактарын суугарууга аргасыз болушкан. Ал арада, даамдуулугу менен айырмаланган Көк — Таштын алма бактары кургай баштаган. Мындай кырдаал ириде, жергиликтүү калктын миграциялык агымын күчөткөн. Ошондон улам, жаштар көйгөйдү чечүү үчүн татаал болсо дагы Саркентке жол куруп, Ак-Суу дарыясынын суусун буруп келүүнү максат кылышты.
Аракет кылсаң берекет дегендей, элдик демилгеге дем кошкон Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги, Лейлек районуна караштуу Сумбула айыл аймагынын Көк — Таш айылынын тургундарынын кайрылуусун карап чыгып, аталган айылга 17 чакырымдык канал куруу иштерин быйыл баштаарын жана капиталдык курулуш тизмесине киргендигин министрдин орун басары А. Ж. Жээналиев билдирди.
Ынтымагы, эмгекчилдиги, биримдиги менен да өзгөчөлөнгөн лейлектиктердин демилгелүү бул демилгеси ишке ашса, Тажик Республикасынын калкы жыш жайгашкан Морек, Расраут айылдары чектешкен чек аралары бекемделет. Буга чейин чек аралардын такталбагандыгынан улам, арча токойлорун кыйып, ал турсун чек арачыларга да кол салып турган тажик жарандарына бөгөт коюлат. Ак-Суу дарыясынан жаңы реконструкцияланган жолу аркылуу суу тартылып келет. Туризмге кеңири жол ачылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *