Ак-Сай айыл өкмөтүнө жаңы жетекчи дайындалды

2026-жылдын 29-январынан тартып Саатбек Анаров Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы болуп дайындалды. Тийешелүү буйрук Баткен райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан кабыл алынган. Бул тууралуу Баткен Райондук Мамлекеттик Администрациясы билдирди.
Маалым болгондой дайындоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Президенттин кадрдык резерв боюнча жарлыгына ылайык жүргүзүлдү. Жаңы жетекчини эмгек жамаатына Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Алимбек Матмуратов тааныштырып, ишине ийгилик каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *