Энергетиктер кыш мезгилинде күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Баткен/23.01.26

Аба ырайынын кескин суукташы менен байланыштуу Баткен облусунда электр энергиясына болгон жүктөм жогорулап, энергетиктер күчөтүлгөн тартипте иш жүргүзүүдө. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги тарабынан берилген тапшырманын алкагында калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
“Кыргызстан УЭТ” ААКнын филиалы — Баткен электр тармактар ишканасынын маалыматына ылайык, учурда облус аймагында электр тармактары туруктуу иштеп, өчкөн тарамдар катталган жок. Кырдаал толук көзөмөлдө.

Электр энергиясын берүүдө үзгүлтүксүздүктү камсыз кылуу максатында Кызыл-Кыя, Кадамжай, Баткен, Лейлек жана Сүлүктү электр тармактарында жалпы 5 ыкчам топ түзүлүп, алар күнү-түнү нөөмөттө иш алып барууда.
Мындан тышкары, авариялык кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу үчүн атайын нөөмөттөр уюштурулган. Ишкананын бардык бөлүмдөрүнөн 22 ыкчам чыгуучу бригада, атайын техникалар жана нөөмөттүк автоунаалар даярдалып, керектүү жабдуулар менен толук камсыздалган.
Авариялык өчүрүүлөр катталган учурда электр энергиясын берүүдө үзгүлтүккө жол бербөө максатында оңдоо жана калыбына келтирүү иштери ыкчам жүргүзүлүп, керектөөчүлөрдү ишенимдүү электр энергиясы менен камсыз кылуу боюнча бардык чаралар көрүлүүдө.

Баткен электр тармактар ишканасы калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырат.
Электр энергиясына байланыштуу суроолор же авариялык өчүрүүлөр катталган учурда күнү-түнү иштеген Чалуу-борборуна 105 номерине, ошондой эле +996 772 001209, +996 556 001209 телефондоруна чалып же WhatsApp аркылуу +996 702 001209 номерине кайрылууга болот.
Аймактык байланыш номерлери:
0221 33-36-02 — Баткен РЭТ
0772 46-04-01 — Сүлүктү РЭТ
0221 55-54-78 — Лейлек РЭТ
0221 55-54-68 — Кадамжай РЭТ
0773 94-07-07 — Кызыл-Кыя РЭТ

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *