Кубатбек Сулайманов, акимдин орун басары, Лейлек райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы:
«ЛЕЙЛЕКТЕ ФЕВРАЛЬ АЙЫНАН ЭЛЕ ЖАЗГЫ ТАЛАА ЖУМУШТАРЫ БАШТАЛАТ»

Кычыраган кыш чилдеси өкүм сүрүп турган менен Лейлекке жаз эрте келет. Жыл сайын февраль айынын экинчи жарымынан кийин, арыктар тазаланып, бак-дарактарды бутоо иштери жүрөт. Ал турсун, жазгы айдоо иштери да башталат. Биз акимдин орун басары, Лейлек райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Кубатбек Сулайманов менен жазга карата даярдык жөнүндө баарлаштык.
— Кубатбек Сулайманович, адатта Лейлекке жаз эрте келет эмеспи. Даярдыктар башталгандыр?
— Ооба, аким Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими- Жеңишбек Асылбектин буйругу менен жазгы талаа жумуштарын баштоо боюнча тапшырмалар берилип, штаб түзүлгөн. Чынында эле, биздин өрөөнгө жаз февраль айынын экинчи жарымынан келе баштайт. Тажикстан менен чектеш Арка өрөөнүндө февраль айынан баштап эле, дыйкандар, багбандар айыл чарба жумушун башташат. Дарактарды бутоо, арык тазалоо, бак отургузуу өнөктүгүн эрте башташкан Жаңы-Жер айыл өкмөтүнө март айында эле суу бере баштайбыз. Ошондуктан, бүгүнкү күндө биз Тажикстандын Кайра-Кум суу сактагычынан ири насостор менен тартылып алынуучу АКНС деп коёбуз Арка насостук станциясын ремонтто иштерин жүргүзүүдөбүз. Өткөн жумада биздин жазга карата даярдыгыбыз боюнча өкүл Айбек Шаменов өзү да келип кетти. Буюрса, бир эле Арка өрөөнүн эмес, жалпы район аймагындагы 38 насостук станциялардын баары да ремонттоо иштери жүрүп жатат.
— Каржылоо маселеси кандай болуп жатат?
— Биз октябрь, ноябрь айларында эле, айыл чарба жумуштары аяктагандан кийин, бардык суу тартып чыгаруучу насосторду карап, тийиштүү адистер менен кайсы жери бузулган, канча каражат керек экендигин тактап, акт түзгөнбүз. Түзүлгөн бул акттын негизинде керектелүүчү 66 млн. сомдун сметасын түзүп, министрликке жөнөткөнбүз. Февраль айынан баштап, каржылоолор жүрөт. Ага чейин өзүбүздүн ички мүмкүнчүлүгүбүз менен ички ремонтторду жүргүзүп жатабыз.
— Лейлек району боюнча канча гектар айдоо жери бар?
— 33 199 гектар жалпы айдоо жерибиз бар. Анын 9204 гектары сугат жерлер болсо, 23,995 гектары кайрак. Мына маалыматтар көрсөткөндөй, биздин райондо көпчүлүк айдоо жерлерибиз кайрак экендигине карабастан, ошол эле сугат жерлердин дагы көпчүлүгү насостук станциялардын жардамы менен сугарылат.

— Техникалардын даярдыгы кандай?
— Азыр айыл чарба техникалары дээрлик 90 пайызы даяр, стартта турат. Бизге бөлүнгөн 50 тонна күйүүчү майларды айыл өкмөттөрүнө 74 сомдон бөлүнүп берилди. Үрөн маселеси да чечилген. Буюрса саналуу күндөрдөн кийин, тагыраагы, февралдан баштап, айыл чарба иштерин жандандыра баштайбыз. Билесизда буга чейин чек ара маселелери чечилбей, чек арага чектеш айылдар Кулунду, Бешкент, Арка, Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн элдери жазгы талаа жумуштарын баштоодо дагы эмне болуп кетээр экен деп батынып кире алчу эмес. Эми чек ара маселеси чечилгенден кийин, элибиздин маанайы башка, эгин, бак өстүрүү, малдардын башын көбөйтүү багытында жандуу иштерди башташты.
— Кубатбек Сулайманович, Лейлекте дың жерлер көп, аларды өздөштүрүү боюнча кандай аракеттер жүрүүдө?
— Буюрса, Арка өрөөнүнө өз нугу менен суу чыгарылат. Ошого удаа эле, бош жаткан дың жерлерди өздөштүрүү максатында тамчылатып сугаруу ыкмалары кеңири колдонулат.
Өткөн 2025-жылдын өзүндө эле, 184 гектар аянтка тамчылатып сугаруу системасын киргиздик. Анын 84 гектары Жаңы-Жер айыл өкмөтүндө болсо, 100 гектары Кең-Талаа айыл өкмөттөрүндө өздөштүрүлдү. Бул прогрессивдүү ыкма мындан ары да улантып, түшүм берүүчү көчөттөрдү отургузабыз.
Адылбек Акматов, “Баткен таңы”