Баткенде коррупция, жер мунапысы жана аткезчилик маселелери талкууланды

Баткен/20.01.26
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменовдин жетекчилиги алдында координациялык кеңешме өттү. Жыйында коррупцияга каршы аракеттенүү, жер мунапысынын аткарылышы жана аткезчиликке каршы күрөшүү маселелери каралды.
Маалыматка ылайык, 2025-жылы облус аймагында 20 мыйзам бузуу катталып, анын 11и коррупцияга байланыштуу кылмыш иши болгон. Айбек Шаменов жетекчилерди мыйзамды так сактоого чакырып, облусту өнүктүрүүгө тоскоол болбоону эскертти.
Жер мунапысы боюнча 2026-жылдын 19-январына карата 12 024 арыз түшүп, анын 7 812си чечилди. 2 455 арыз кайтарылып, 4 арыз кароодо турат. Облус башчысы бул багыттагы иштерди тездетип, жергиликтүү бийлик менен укук коргоо органдарынын биргелешкен ишин күчөтүүнү талап кылды.
Ошондой эле аткезчиликтин алдын алуу боюнча Развилка мобилдик посту аркылуу жыл башынан бери 1 206 баш мал өткөнү маалымдалып, мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу тапшырмасы берилди.
Жыйындын соңунда кабыл алынган чечимдерди өз убагында жана сапаттуу аткаруу милдети коюлду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *