Лейлек районунда балдардын укуктарын жана коопсуздугун коргоо боюнча иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, 20-январда Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында балдардын укуктарын жана коопсуздугун коргоого багытталган маалыматтык-профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын тиешелүү тескемеси менен бекитилген иш-чаралар планынын алкагында уюштурулду.
Иш-чара Кулунду айылындагы В.И. Ленин атындагы орто мектепте өтүп, ага Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилиги, райондук билим берүү бөлүмүнүн, саламаттык сактоо мекемелеринин, ички иштер органдарынын, эмгек жана социалдык камсыздоо башкармалыгынын, диний өкүлдөрдүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аксакалдар жана аялдар кеңештеринин өкүлдөрү, мектеп директорлору, социалдык педагогдор жана ата-энелер катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө балдардын укуктарын сактоо, жыныстык кол тийбестикти коргоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ата-энелердин жоопкерчилиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *