Баткен/21.01.26
Бүгүн “Жылдын мыкты мугалими” республикалык сынагынын жеңүүчүсү Элзат Асановага мамлекет тарабынан убада кылынган Бишкек шаарындагы бир бөлмөлүү батирдин ачкычы салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Элзат Асанова Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Долон орто мектебинде кыргыз тили жана адабияты сабагынан билим берип келет. Ал республикалык деңгээлде уюштурулган сынакка катышкан 112 мугалимдин арасынан мыкты деп табылып, жеңишке жеткен.
