Баткен/08.12.25
Бүгүн, 8-декабрда Баткен мамлекеттик университетинде Баткен областынын прокуратурасынын демилгеси менен коррупциянын алдын алуу жана ага каршы маданиятты калыптандырууга багытталган жолугушуу өткөрүлдү.
Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентинин 05.06.2024-жылдагы №137 Жарлыгы менен бекитилген 2025–2030-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын негизги багыттары, ченемдик актылардагы өзгөртүүлөр жана аталган стратегиянын аткарылышын координациялоодогу Башкы прокуратуранын ролу тууралуу маалымат берилди.
Прокуратура өкүлдөрү Баткен облусундагы стратегияны ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып, студенттердин суроолоруна жооп беришти.
Иш-чаранын соңунда университеттин студенттери “Коррупцияга жол жок!” аттуу кыска сахналаштырылган көрсөтүүнү сунушташты.



