Бүгүн, 29-ноябрда Баткен облусунун Лейлек районунда чек арадан көчүрүлүүчү калкты жаңы конуштарга жайгаштыруу толугу менен аяктады.
Мамлекет бул үчүн жалпы 76 үй куруп берди:
Раззаков айылына – 60 үй,
Максат айылына – 16 үй.
Жаңы конуштарга Раззаков айылынын жана Максат айылынын бир нече көчөлөрүнүн, участкаларынын тургундары көчүрүлдү. Бул аймактар Тажикстандын Б. Гафуров жана Дж. Расулов райондорунун айылдарына алмаштырылууда.
Облус башчысы Айбек Шаменов тургундар менен жолугуп, инфраструктура толук бүткөрүлөрүн жана колдоо уланаарын билдирди.
Мындан мурда да Баткен районунун бир катар айылдары көчүрүлүп, Бужум аймагындагы Чет-Булак участкасында 181 үйдөн турган Жаңы Достук айылы курулган. Бул айылдар Тажикстандын Исфара районуна караштуу аймактарга алмаштырылган.
Бул иштер Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек арасын делимитациялоо алкагында жүргүзүлүүдө.






