«ХАКИЙКАТЫ СУГД» ГЕЗИТИНИН 95 ЖЫЛДЫГЫ ЖОГОРКУ ДЕҢГЭЭДЕ ӨТТҮ

Баткен/28.11.25
Кыргызстан Журналисттер Союзунун Баткен облусундагы төрагасы, «Баткен таңы» гезитинин башкы редактору Адылбек Акматов тажикстандык коллегалардын чакыруусу менен Ходжент шаарында, «Хакыйкаты сугди» гезитинин 95 жылдык юбилейлик салтанатына катышып келди. Юбилейлик салтанаттын алкагында Сугди облустук гезитин 95 жылдык тарыхы, түптөлүшү боюнча илимий конференция болуп өттү. Фергана, Баткен жана Согди облусунун журналистери, тажикстандык коомдук ишмерлер катышкан иш бул чарага Согди облусунун жетекчилиги жана Тажикстандын Президентинин Администрациясы тарабынан да маани берилгендигин өзгөчө баалоого болот.
Ходжент декларациясынан кийин кыргыз — тажик мамилелеринин жаңы этабы башталды. Жүз жылдап чечилбей келген чек ара маселеси чечилди. Чек ара бекеттери ачылып, эки элдин ортосундагы соода сатык маселелери жакшырды. Облустук жетекчиликтин күн алыс жолугушуулары жана биргелешип өткөргөн иш чараларынын натыйжасында маданий экономикалык мамилелер жакшырууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *