Баткен/26.11.25
28-ноябрда (жума күнү) саат 10:00дө Баткен шаарынын борбордук стадионунда Баткен шаары жана Баткен району биргеликте уюштурган ири азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Жарманкеде базар баасынан төмөн баада эттин түрлөрү, картошка, сабиз, пияз, дан азыктары, күнүмдүк керектелүүчү товарлар жана үй-бүлөлүк буюмдар сатылат.
Иш-чарага Өзбекстандын Сох жана Фергана райондорунан дыйкандар жана жеке ишкерлер да катышат.
Арзан, сапаттуу жана жергиликтүү продукцияларды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн колдонуп калыңыз!
