Кезектеги айыл чарба жарманкеси Согмент айылында өттү

21-ноябрда Алтын-Бешик айыл өкмөтүнүн Согмент айылында Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусу менен айыл чарба жарманкеси өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, иш-чарага район акиминин биринчи орун басары Алимбек Матмуратов катышып, жарманкенин калкты жеткиликтүү жана сапаттуу азык-түлүк менен камсыздоодогу маанилүү ролун белгиледи.
Жарманкеде уй эти 650 сомдон баштап, ун, буудай, кумшекер, жумуртка, жашылча-жемиштер жана кайра иштетилген азык-түлүктөр базар баасынан төмөн баада сатылды.
Бегилей кетсек, мындай жарманкелер кышкы мезгилге даярдыкты колдоо жана баанын турукташуусуна көмөктөшүү максатында мындан ары да улантылат. Ошондой эле ушул сыяктуу жарманкелер Баткен районунун бардык айыл өкмөттөрүндө өткөрүлүп жатат.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *