Баткенде 1-декабрдан тартып лицензиясыз такси кызматын көрсөткөн айдоочуларга айып салынат

Баткен/18-ноябрь
2025-жылдын 1-декабрынан тартып Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августындагы №535 токтомуна ылайык, лицензиясыз жеңил такси кызматын көрсөткөн айдоочуларга айып салынат. Бул тууралуу Баткен ОИИБ боюнча ЖКККБ билдирди.
Маалым болгондой, бул багытта Кадамжай районунун ИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери район аймагындагы автобекеттерге барып, такси айдоочуларына алдын ала түшүндүрүү жана эскертүү иштерин жүргүзүүдө.
Такси кызматына лицензия берүү Баткен облусунун бардык район жана шаар бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *